Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине арналган "Муниципалитет" журналынын жаңы саны жарык көрдү!

29.08.2013 17:08
Бул чыгарылышта: "Көңүл чордонунда", "ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаңылыктары", "Инвестор&Жамаат", "ЖӨБ кадрлары", "Жаңжалды башкаруу".
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине арналган "Муниципалитет" журналынын жаңы саны жарык көрдү!

Журналдын 2013-жылдын августа айындагы чыгарылышында биз сиздерге төмөнкү макалаларды сунуштайбыз:

  • Көңүл чордонунда: Бийлик вертикалы – бул Конституция, акча жана өкмөттүн аброю түшүп кетчү чуңкур, 2-бет
  • Швейцариянын элчилиги Кыргызстандагы төрт элеттик муниципалитетке таштанды тазалоо үчүн техника сатып алууга жардам берди, 6-бет
  • Швейцария өкмөтүнүн өкүлү менен жолугушуу: көйгөйлөр, жетишкендиктер жана келечекти талкуулоо, 7-бет
  • Жакшы тажрыйба даанышмандыктан да маанилүү: Жалал-Абад облусунун айыл аймактарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, 7-бет
  • Тоң айылдык аймагы алгачкы жолу бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрдү, 11-бет
  • Багыш айылдык аймагы калк менен 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулады, 11-бет
  • Тогуз-Торо айылдык аймагынын тургундары 2014-жылга карата бюджет долбоорун жактырды, 12-бет
  • Тогуз-Торо районунда райондук интернет-порталды түзүү боюнча процесс башталды, 12-бет
  • Инвестор&Жамаат: Сүлүктүнүн өнүгүүсү үчүн: муниципалитет менен жергиликтүү кен казуучу компаниялардын диалогу, 13-бет
  • Өнөктөштүктүн жана үмүттүн жолу, 14-бет
  • ЖӨБ кадрлары: Аттестацияга даярдык, 16-бет
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө тест суроолорун түзүү үчүн ченемдик укуктук актылардын алдын ала тизмеси, 16-бет
  • Компьютердик тестирлөөнү түзүүдө колдонулчу болжолдуу суроолордун тизмеси, 17-бет
  • Мен - жергиликтүү кеңештин депутатымын. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы, 27-бет
  • Жаңжалды оптималдуу башкаруунун баскычтары жана ырааттуулугу, 29-бет
  • Тест. Эмгек жамаатында жаңжалдарды алдын алуу жана конструктивдүү түрдө жөнгө салуу боюнча жетекчинин ишке жакындыгын баалоо, 31-бет  

Журналды толук окуу