Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттары Өнөктөштүк программасынан грант алуу үчүн коомдук долбоорлорду даярдашат

01.04.2024 18:47
Бул багыттагы окуулар 2024-жылдын февраль айынан тарта Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “«Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк” Программасынын алкагында өткөрүлдү.
Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттары Өнөктөштүк программасынан грант алуу үчүн коомдук долбоорлорду даярдашат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” Программасынын1 атынан – Өнөктөштүккө мүчө уюмдар Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА), ЖӨБ Союзунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) колдоосу менен Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттарын максаттуу колдоо Планын ишке ашырууда, аял-депутаттар жергиликтүү кеңешке 30% гендердик квотанын негизинде шайланган аял-депутаттарга даректүү колдоо көрсөтүүнү ишке ашыруу максатын улантууда.

Программаны ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунун үч районунун жергиликтүү кеңештеринин 86 депутат айымы үчүн Раззаков, Кадамжай жана Баткен шаарларында 2024-жылдын 26-28-мартында «Долбоорду иштеп чыгуу жана башкаруу» деген темада практикалык окуулар өткөрүлдү.

“Катышуучулар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган коомдук-пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгууну үйрөнүшүп, долбоордун жашоо цикли, бюджети, отчеттуулук жана долбоор аяктагандан кийинки туруктуулукту камсыздоо боюнча маалыматты кеңири өздөштүрүштү. Практикалык бөлүктө ар бир аймактын жергиликтүү кеңешинин депутат айымдары бирден маселени тандап, Программанын алкагында жарыяланган Чакан гранттардын конкурсуна катышуу үчүн гранттык долбоорлордун алгачкы версияларын иштеп чыгышты. Аны менен катар конкурстун Жобосу, узактыгы жана жол берилген багыттары менен таанышышты. Жалпысынан 20 долбоордун темасы тандалып алынды”, – дейт Өнүктүрүү саясат институтунун грант менеджери, тренер Султан Майрамбеков.

Аталган 20 долбоорду ар бир депутат айым өз аймагына кайтап барган соң толуктап иштеп чыгып, тиешелүү иш кагаздарын жана ченемдик-укуктук актыларды тиркеп, конкурска табыштама жиберишет.

Лейлек району:

  1. Бешкент АӨ: Мектеп үчүн парталарды жана отургучтарды сатып алуу.
  2. Кулунду АӨ: Айылдын эс алуу багындагы балдар аянтчасына эмеректерди сатып алуу.
  3. Жаңы-Жер АӨ: Мектеп үчүн музыкалып аспаптарды алуу.
  4. Тогуз-Булак АӨ: 9 мектеп жана бала бакчалары үчүн сыналгыларды сатып алуу.
  5. Ак-Суу АӨ: Мектеп үчүн проектор жана принтерлерди алуу.
  6. Кең-Талаа АӨ: Бала бакча үчүн эмеректерди алуу.
  7. Катран АӨ: Аялдар үчүн фитнес-борборго эмеректерди алуу.

Баткен району:

  1. Кара-Булак АӨ: Бала бакчага оргтехника сатып алуу.
  2. Суу-Башы АӨ: Балдар ойноочу аянтка скамейкаларды жана селкинчектерди сатып алуу.
  3. Төрт-Күл АӨ: Айылдык китепкана үчүн китеп текчелерин сатып алуу.
  4. Кыштут АӨ: Бала бакчаларга оргтехника сатып алуу.
  5. Карабак АӨ: Ден соолук борбору үчүн оргтехника сатып алуу.
  6. Самаркандек АӨ: Айылдык скверге мамычаларды жана прожекторлорду сатып алуу.
  7. Ак-Татыр АӨ: Балдар ойноочу аянтка скамейкаларды жана селкинчектерди сатып алуу.
  8. Ак-Сай АӨ: “Энелер мектеби” үчүн эмеректерди сатып алуу.

Кадамжай району:

  1. Үч-Коргон АӨ: Аялдар клубу үчүн эмеректерди сатып алуу.
  2. Майдан АӨ: Аймактын 9 айылына иш кагаздардын көчүрмөлөрү үчүн 9 ксерокөчүрмө аппаратын сатып алуу.
  3. Бирлик АӨ: Аялдар жана улгайган адамдар үчүн спорт инвентарларын сатып алуу.
  4. Молдо Нияз АӨ: Айылдык кеңеш үчүн интерактивдүү такта сатып алуу.
  5. Орозбеков АӨ: Айылдык мектеп үчүн спорт инвентарларын сатып алуу.

Окуунун соңунда катышуучулар анын пайдалуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилеп өтүштү.

“Бул маалга чейин биз даярдаган долбоорлор эмне себептен колдоого алынбай жаткандыгын мен эми түшүндүм. Анткени гранттык долбоорлорду жазуунун эрежелери жана талаптары менен бүгүн тааныштык. Аны менен бирге ал долбоорду ишке ашырууда биргеликте иш алып барууну жана анын натыйжалуулугун аңдадык. Бул окуу биздин ич ара ынтымагыбызды да бекемдеп койду”, – деди Ганиева Инабат, Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты.

Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңешинин депутат айымы Арынова Рахима: “Мен бул окуудан көргөн эң негизги пайдам – долбоордун көйгөйүн долбордун максатынан ажыратууну жана айырмалоону үйрөнгөнүм болду. Анткени буга ччейин мага экөө тең бир эле пункт катары сезилчү”, – деди.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял-депутаттары үстүбүздөгү жылдын февралында жергиликтүү кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруу маселелери боюнча эки күндүк окуу курсунан өтүшкөн2. Окуулар аяктаган соң алар үчүн 2024-жылдын сентябрына чейин коомчулук үчүн социалдык маанилүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессинде бир нече вебинар жана насаатчылык колдоо уюштурулат. Эң мыкты 6 демилге Программадан 130 000 сомго чейин каржылоо колдоосуна ээ болушат.

 

__________________

[1] Кызматташтык 2024-жылдын февраль айынан тарта Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “«Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк” Программасынын алкагында ишке ашырыла баштады.

[2] https://dpi.kg/ky/press-room/news/full/1988.html